16:45 29 февраля 2024

ОшМУнун студенти Динара Камчыбекова өлкө чемпиону болду

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн спорттук жана күжүрмөн самбо, алыш бел боо күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды.

Чемпионатка катышкан ОшМУнун медицина факультетинин фармация адистигинин бүтүрүүчү курсунун студенти Динара Камчыбекова 70 кг салмакта алыш бел боо күрөшү боюнча 1-орунду ээледи. Динара 72 кг салмакта спорттук самбо боюнча да 1-орунду багындырып, диплом жана медалдар менен сыйланды.

Дзюдо, самбо жана алыш күрөшү боюнча спорттун чебери Динара Камчыбекова алдыда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна, Азия жана дүйнөлүк мелдештерге даярдык көрүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть