14:31 1 марта 2024

Бишкек мамлекеттик университетинде санариптештирүү боюнча республикалык биринчи жаштар форуму өткөрүлдү

2024-жылдын 29-февралында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде санариптештирүү боюнча республикалык биринчи жаштар форуму өткөрүлдү.

Форум Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Бишкек мамлекеттик университетинин биргелешкен аракеттеринин негизинде уюштурулду.

Форумга санариптик өнүктүрүү министринин орун басары З.Кожомуратов, Бишкек мамлекеттик университетинин проректору А.Сатиев, «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Р.Жусумамбетова, «Инфоком» ишканасынын директорунун орун басары Н.Айдиев, Жогорку технологиялар паркынын директору А.Абакиров, Digital CASA КР долбоорунун директору К.Тоголокова, уюлдук операторлордун өкүлдөрү жана башка Кыргызстандагы IT тармагына тиешелүү болгон уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын ачылышында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин проректору А.Т.Сатиев «Санариптештирүүнү мезгилдин талабы, жаштардын алдыга умтулууларына ачык кадам жана дүйнөдө болуп жаткан өнүгүүлөрдөн четте калбай, ааламга умтулуунун өбөлгөсү» катары сыпаттап, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары З.Кожомуратов Кыргызстанды интернет желеси менен камсыздап, санариптештирүү багытында иштердин кызуу жүрүп жаткандыгын баса белгилеп, бүгүнкү күндө жана келечекте аткарыла турган иштердин долбоорлору менен тааныштырып өттү.

Форумдун жүрүшүндө жогоруда аты аталган мамлекеттик мекемелердин, ишканалардын, уюлдук компаниялардын жана IT компанияларынын өкүлдөрү атайын даярдап келген видеокөргөзмөлөрү аркылуу ишмердүүлүктөрү менен тааныштырып, интерактивдүү оюндарды ойнотуп, студенттер менен талкууларды жаратып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Форумдун негизги бөлүгүнө катарлаш жарманке уюштурулуп, ал жерде аталган мекемелердин жана компаниялардын аткарып жаткан иштеринин практикалык жактары толук көрсөтүлүп, санариптештирүү ишине тиешелүү болгон каттоо, катталуу, колдонуу сыяктуу суроолорго туура жоопторду алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть