ОшМУнун юридика факультетинин 3-курсунун студенти Нурпери Бектурсун кызы эл аралык китеп окуу сынагында 1-орунду ээлеп, баш байге — автоунаанын ээси болду.
Сынак «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» китеби боюнча өткөрүлгөн. Ага жалпы 7 миңден ашуун окурман катышып, алдыңкы 100 китеп окуган катышуучуга атайын сыйлык жана эң алдыңкы 3 орунга байгелүү сыйлыктар ыйгарылды.
Жеңүүчүлөргө белектерди тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, ректор Кудайберди Кожобеков катышты.