16:40 16 марта 2024

ОшТУда студенттер арасындагы спартакиада жыйынтыкталды

Ош технологиялык университетинде жыл сайын салтка айланган факультет, институт жана колледжде окуган жалпы студенттер арасындагы спартакиада жыйынтыкталды. Бул спорттук иш-чара эки жумага созулуп, спорттун улуттук жана классикалык түрлөрүнөн ар бир факультеттин командалары күч сынашышты.

Жыл сайын өткөрүлүүчү факультеттер аралык спорттук мелдештин негизги максаты жаштарды дени-сак жашоого үндөө, адамдар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө, жана университеттин курама командасына мыкты спортчуларды тандап алуу болуп эсептелет.

Мелдештин жүрүшүнө университеттин дене-тарбия кафедрасынын жалпы жамааты калыстык кылышты.

Спорттук таймашка окуу жайдын ректораты жана кесиптик бирлиги демөөрчүлүк көрсөттү.

Жыйынтыгында биринчи орунду гуманитардык-технологиялык колледжинин командасы, экинчи орунду кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин командасы, ал эми үчүнчү орунду экономика башкаруу факультетинин командасы камсыз кылышты.

Жеңүүчү командаларга университет жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан диплом жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть