16:53 16 марта 2024

ОшМПУнун жаш стартаперлерине долбоордон уткан гранттары тапшырылды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунда окуган жаш стартаперлердин долбоордон уткан гранттары окуу жай тарабынан каржыланып, бүгүн өз ээлерине тапшырылды.

Ага ылайык, университеттин ректору Бекмурза Зулуев сынактан жеңген 3 стартапердин ишкердик жүргүзүүгө керектүү болгон шаймандарын тапшырып, колдонууга берди. Мында грант ээлери Жаркынай Гуламидиновага тигүү машинасы берилип, ал эми Зарина Ураимжанова жана Айкөкүл Замирбек кызы жер-жемиштерди кургатуучу аппараттарды алышты.

Мындан сырткары, биология адистигинин студенттери «Жашыл теплица» демилгесин презентациялашып, аларга окуу жай жетекчилиги тарабынан жер бөлүнүп берилди.

Ошондой эле жаш окутуучулар тарабынан «Географиялык аянтча» демилгеси сунушталып, колдоого алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть