Орусиянын Екатеринбург шаарындагы Темир жол транспортунун федералдык агенттигинин Урал мамлекеттик жолдор университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Анашкина Наталия Юрьевна Ош технологиялык университетине иш сапары менен келип, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушту.
Алгач келген өкүлдөр ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаевдин кабыл алуусунда болуп, эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Эки тараптуу сүйлөшүүдө окутуучулар, студенттер ортосунда академиялык мобилдүүлүктү өркүндөтүү, кош диплом, биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу, жайкы мектептерди уюштуруу маселелерин талкуулашты.