16:57 20 марта 2024

КМТУда Исхак Раззаковду эскерүү митинги өттү

2024-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун курман болгонуна 45 жыл толгондугуна карата эскерүү митинги жана Ала-Арча көрүстөнүндө куран окутуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Митингге Президенттик администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары-стратегиялык пландоо жана реформаларга талдоо бөлүмүнүн башчысы, т.и.д. О.Капалбаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Л.Самыкбаева жана И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттери катышты.

Эскерүү митингде И.Раззаковдун өзүнүн ишине тактыгын, жүрүм-турумун, Ата Мекенге кызмат кылуусу менен көпчүлүккө таанылгандыгын, улуттун сыймыгына арзыгандыгы жөнүндө эскеришти. И.Раззаковдун өмүр таржымалы, ишмердүүлүгү, сыйлыктары тууралуу «Илгир» чыгармачыл жаштар уюму кыскача баяндама жасашты.

Муфтийдин орун басары А.Кадырбердиев куран окуп, Раззаковду эскерүү мүнөтү жарыяланып, гүлчамбар коюлду.

Андан соң Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жетекчилик жана студенттер чогулуп, университеттеги эстеликке эскерүү мүнөтү жарыяланып, гүлчамбар коюу менен уланды.

И.Раззаковдун Кыргызстандын түптөлүшүнө салым кошкондугу, ошол учурда завод-фабрикалардын ишке киргендиги тууралуу студенттерге маалымат берилди.

Эскерүү митингди утурлай окуу жайдын чоң жыйындар залында Республикалык Раззаков фонду жана Алим Токторовдун «И.Раззаков» тасмасы көрсөтүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть