17:03 20 марта 2024

ОшТУда Нооруз майрамы белгиленди

Ош технологиялык университетинде Нооруз майрамын утурлай саамалык уюштурулуп, майрамдын негизги тамагы болгон сүмөлөктү бышыруу үчүн буудай өндүрүлүп, сүмөлөк кайнатылып, концерттик программа тартууланды. Иш-чара окуу жайдын жетекчилиги, кесиптик бирлик комитети жана технология жана жаратылышты пайдалануу факультети тарабынан уюштурулду. Майрамга университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Майрамдык кечени университеттин ректору Жанболот Турсунбаев ачып берип, жалпы жамаатты Нооруз майрамы менен куттуктап, окуу жайыбыздын келечекте өсүп-өнүгүп, мыкты кадрларды даярдай берген куттуу окуу жай боло беришине тилектештигин билдирди.

Иш-чара технология жана жаратылышты пайдалануу факультети тарабынан кыргыз элинин каада-салттары, үрп-адаттары боюнча даярдалган көрүнүштөр, ыр, бийлер менен коштолду. Ошондой эле акыйнек айтылып, аркан тартыш сыяктуу улуттук оюндар аткарылды жана студенттердин, окутуучулардын колдорунан жаралган кийимдердин коллекциясы тартууланды.

Майрамдык иш-чарага окуу жайдын ректораты жана кесиптик бирлиги демөөрчүлүк көрсөттү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть