17:02 20 марта 2024

ОшТУга Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү адабияттарды белек берди

Ош технологиялык университетинин алдындагы «Орус тили славян маданияты» борбору менен Россотрудничествонун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн (Ош шаары) кызматташуусу жаңы багытта жүрө баштады.

Кызматташуу орус тилин үйрөнүү, орус адабияты боюнча ийримдерге катышуу тармагында жүрүп жатат.

Ош технологиялык университети менен Россотрудничествонун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн (Ош ш.) ортосунда түзүлгөн эки тараптуу кызматташуу келишими жандуу жүрүүдө.

Аталган келишимдин негизинде бул сапар ОшТУнун алдындагы “Орус тили жана славян маданияты” борборун колдоо максатында Россотрудничествонун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү (Ош ш.) тарабынан 100 миң сомдук нарктагы Россия Федерациясы тарабынан басмадан чыгарылган жаңы заманбап окуу китептери, окуу колдонмолор, көркөм адабияттар, грамматикалык таблицалар, көргөзмө куралдар жана DVD фильмдерди акысыз белекке берилди.

Маалымат үчүн, ОшТУнун алдындагы «Орус тили жана славян маданияты» борбору 2023-жылы түзүлгөн, анда университетте окуган студенттерге сабактан кийин орус тилин акысыз үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн жана чыгармачылык ийрим иштейт, орус тилинде жүргөн маданий иш-чараларга студенттерди даярдайт. Борборду тажрыйбалуу педагог Б.Жанибекова жетектейт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть