17:44 29 марта 2024

ОшМПУда студенттердин аймактык илимий-теориялык конференциясы өткөрүлдү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Н«арктуу үй-бүлөлүк педагогика» аттуу аймактык илимий-теориялык конференция өткөрүлдү.

Саамалык музыкалык-педагогикалык факультетинин педагогика жана психология кафедрасы тарабынан жаштарды үй-бүлөгө даярдоо максатында уюштурулуп, ага ОшМПУ, БатМУ, КӨЭАУ,ОшТУ, ОшМУ, Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунан келген окутуучулар жана студенттер катышты.

Иш-чараны университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, жалпы катышуучуларга ийгиликтерди каалады. Ошондой эле катышуучулар тарабынан да куттуктоо сөздөрү айтылып, үй-бүлөлүк педагогика боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүштү. Андан соң келген коноктор пленардык жыйында өз баяндамаларын жасап, катышуучулар секциялык иштерге бөлүндү.

Конференцияга жалпысынан 100 дөн ашык макала келип түшкөн. Катышуучулар 4 секцияга бөлүнүшүп, өз макаларалын коргошту. Мында студенттер заманбап үй-бүлөнүн билим берүү салттары жана баалуулуктары, студент практиканттардын тажрыйбалары, үй-бүлөдө балдарды тарбиялоонун психологиялык мамилелери, билим берүү жана тарбиялоодо этнопедагогиканын учурдагы актуалдуулугу боюнча түрдүү баяндамаларды жасашты.

Соңунда секциялык иштердин жыйынтыгы жарыяланып, конференциянын резолюциясы кабыл алынды. Ага ылайык, мыкты баяндамачылар уюштуруу тобу тарабынан сыйлыктарга ээ болушуп, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть