Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучуларына арналган кезектеги тренинг «Билим берүүдө жасалма акыл платформаларын колдонуу» боюнча уюштурулду.
Бул темада тренер Онлайн университетинин ректору, PhD Элира Турдубаева маалымат берип, учурда окутуучуларга зарыл болгон жаатта семинар өттү.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар илимий изилдөө жүргүзүүдө, окутууну баалоодо жасалма акыл платформаларын колдонуу, анимациялык сүрөттөрдү жасоо жана ачык- тарбиялык сабактардын даяр иштелмелерин колдонуу багытында жаңы маалыматтарга ээ болушту. Жасалма акылдын жардамы менен жасалган кыргыз тилиндеги материалдардын түзүүчүлөрү, сайттары тууралуу да көрсөтүлдү.
Иш-чара ОшМПУнун Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү тарабынан окутуучулардын билимин өркүндөтүү максатында уюштурулган.
Алдыда бул окуу университеттин башка окутуучулары үчүн уланат.