12:28 5 апреля 2024

ОшТУда «Биз — XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык жаштар форуму өткөрүлдү

Билим берүү жана илим министрлиги «Алтын түйүн» Улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясы тарабынан «Биз — XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык жаштар форумунун Ош областтык сынак туру 2-апрель күнү М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин базасында өткөрүлдү.

Форумга Кыргызстандын, КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдүн 10 жаштан 18 жашка чейинки окуучу жаштардын өкүлдөрү — мектеп окуучулары, ЖОЖдордун 1,2,3-курстарынын студенттери катышты.

Иш-чаранын ачылышында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т.Арстанкулов, облустук балдар чыгармачылык борборунун директору Р.Назаров, ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев катышып, сөз сүйлөштү.

Сынакка коюлган эмгектерди калыс баалоо иши ОБЧБ кызматкерлери менен ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамынан биргелешип түзүлгөн компетенттүү топ тарабынан жүргүзүлүп, жыйынтыгында жеңүүчү аталган окуучулар ОшТУнун ыраазычылык каттарына, баалуу белектерине ээ болушту. Байгелүү орунга ээ болгон окуучулар Бишкек шаарында өтүүчү эл аралык форумда облус намысын коргошот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть