12:23 5 апреля 2024

ОшТУда Бухгалтерлер жана аудиторлор күнүнө карата сынак өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультетинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы тарабынан 3-апрель — Бухгалтерлер жана аудиторлор күнүнө карата түштүк аймактык колледждердин студенттеринин арасында «Менин кесибим — бухгалтер» аттуу сынак болуп өттү.

Аталган сынакка 6 команда катышты: ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжи, ЖАМУнун Экономика-юридикалык колледжи, КУУнун орто кесиптик билим берүү бөлүмү, ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжи, ОшТУнун Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту жана Ош көп профилдүү колледжинин студенттеринен түзүлгөн командалар катышты.

Сынак студенттердин билимин жана кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүү, өз кесибине кызыгуусун арттыруу, бухгатерлердин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат жайылтуу, келечекте мыкты адис болууга үндөө максатында өткөрүлдү.

Жыйынтыгында 1-орунду ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжи 2-орунду ОшТУнун Гуманитардык технологиялык колледжи, 3-орунду ОшТУнун Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту камсыздашып, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть