Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде КР мамданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл агартуунун мыктысы, композитор Соорбек Кынатов конокто болду.
Алгач обончу унверситеттин ректору Бекмурза Зулуев менен жолугушуп, андан соң окуу жайдын жаңы имараты жана музыкалык-педагогикалык факультетинин жамааты менен жакындан таанышып чыкты. Андан соң эмгек жамаат менен студенттер жыйын залында Соорбек Кынатовду тосуп алып, композитор катышуучуларга лекция өттү.
Конок-лекция «Хордогу вокалдык навыктар жана дирижирлөөнүн ыкмалары» аталышында болуп, лектор болочок музыканттарга аталган теманын негизинде маалымат берди. Мында студенттер вокалдык жөндөмдөр, хордо туура ырдоо жана чыгармачыл адамдар кандай ырдоо керектигин түшүнүштү. Ошондой эле лектор дирижерлоо ыкмалары боюнча өзүнүн автордук чыгармасын үйрөтүп, Соорбек Кынатовдун шакирттери баритон, тенор үндөрдө обон созушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө музыкалык билим берүү кафедрасынын агай-эжейлери жана студенттери каармандын автордук чыгармаларынан пианинонун коштоосунда жандуу аткарышты.
«Бүгүнкү коногубуз студенттерге чоң таасирин калтырды. Мындай жолугушуулар дагы да бат-баттан уюштурулуп туруусун каалайт элем. Анткени булар аркылуу биздин студенттердин өз кесибине болгон кызуугусу дагы да артат деген ойдомун. Бул иш-чаранын бирден-бир максаты дагы мына ушул кесипке багыттоо десем жаңылышпайм», - дейт улук окутуучу Жамийла Усубалиева.
Соорбек Кынатов бир канча жыл мурда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде иштеп кеткен. Учурда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театырынын хордун артисти болуп эмгектенет.
Обончу айтылуу «Тынчтык керек», «Кар жаады, кар жаады, бакыт жаады», «Сүйүү бар кыздардын да жүрөгү бар» , «Апама» жана башка бир топ белгилүү чыгармалардын автору.