ОшМУнун тил жана маданият борборлорунун уюштуруусунда университеттин 85 жылдык мааракесине карата «Тил – биримдиктин жана маданияттын башталышы» аттуу интеллектуалдык тил сынагы өттү.
Сынак «Салам сөздүн энеси», «Поэзия дүйнөсүндө», «Үй тапшырмасы: «Тил үйрөнүү – студенттердин изденүүсү менен» темасында видеоролик», «Элдин салты, улуттук код, культтан көрүнүш», ««Кеменгер» викториналык суроолор боюнча тапшырмалар» аттуу 5 этаптан турду.
Командалар кыргыз, казак, орус, англис, немис, испан, түрк, жапон, кытай тилдерин алып чыгышты.
Иш-чараны ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттакуров ачып, сынактын катышуучуларына ийгилик каалады.
Студенттердин көркөм өнөрү жана тил жөндөмүн байкоого арналган сынактын жыйынтыгында баш байгени «Самурай» – жапон тил тобу, I орунду «Шаңырақ» – казак тил тобу, II орунду The World Viaduct – англис тили менен «Коломто» – кыргыз тил топтору, III орунду «Знатоки» – орус тили, «Конфуций» – кытай тили жана Ay Yildiz – түрк тил топтору ээлешти.
«Мыкты поэзия» номинациясы мемен «Конфуций», «Мыкты видеоролик» номинациясы мемен Ay Yildiz тобу, «Мыкты улуттук кийим» номинациясы менен Wunder kinder – немис тил тобу, «Мыкты эпизод» номинациясы менен «Коломто» тобу, «Мыкты креативдүү команда» номинациясы менен Al liquindoi – испан тил топтору сыйланды. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.
Сынак тилдердин маданияттар аралык байланышын өнүктүрүү, студенттердин чыгармачылык жөндөмүн чыңдоо, жаштарды көбүрөөк тил билүүгө багытоо, ОшМУдагы борборлордун иши менен таанышуу максатында уюштурулду.