16:36 18 апреля 2024

ОшТУда сармерден оюну өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин Жаштар комитетинин жигиттери менен кыздары ортосунда сармерден оюну өткөрүлдү.

Оюн-зоок коштогон иш-чара жаштар ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөө, студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу жана улуттук баалуулуктарды сактоо максатында уюштурулду. Мында сармердендин салтына ылайык кыз-жигиттер ортосунда обондуу ырлар ырдалып, макал-лакап, жаңылмач айтылып, акыйнек айтышышты.

Жаштардын талантын баалоого калыстар тобу чакырылып, жыйынтыгында достук жеңип, тең чыгуу менен аяктады.

Иш-чарага окуу жайдын кесиптик бирлиги демөөрчүлүк көрсөтүп, акчалай сыйлыктарын тапшырды. Оюн-күлкү тартуулаган кубанычтуу салтанат келген конокторго жагымдуу маанай тартуулады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть