Кадамжай районуна караштуу №11 «Исфайрам» орто мектебинин балдар командасы волейбол оюну боюнча «Мектеп лигасынын» Баткен облустук этабында 1-орунду багындырды. Бул боюнча мектеп директору К.Рысбаев билдирди.
Мектептин командасы эми республикалык турга катышат.