13:40 19 апреля 2024

ОшТУда иш берүүчүлөр жана ата-энелер менен жолугушуу өткөрүлдү

Ош технологиялык университетин технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин өмүр-тиричилик коопсуздугу кафедрасы тарабынан студенттерди жумуш орун менен камсыз кылуу максатында иш- берүүчүлөр жана ата-энелер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга кафедранын жааматы, студенттер жана иш берүүчүлөр — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, майор Абылаев Алтынбек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөт кызматынын улук нөөмөтчүсү, капитан Шамшиев Бектур, Респубикалык өзүнчө куткаруу отрядынын окуу бөлүмүнүн башчысы, капитан Кадыров Талантбек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын калыкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүнүн башчысы, капитан Ташматов Шумкарбек катышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери бүгүнкү күндөгү Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин иш аракеттери, негизги маселелери, өлкөбүздөгү болуп жаткан өзгөчө кырдаалдар, алар менен күрөшүү жана алдын алуу иштери, ошондой эле ишке кирүү үчүн негизги кандай талаптар, өзгөрүүлөр киргизилгендиги боюнча маалымат берди. Теориялык билимди практикада чыңдоого көбүрөөк көңүл буруп, практикалык окууларды биргеликте өткөрүүгө чакырды. Студенттердин жана ата-энелердин кызыккан суроолоруна жооп беришти.

Иш-чарада студенттер, ата-энелер жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин адистери менен кызыктуу пикир алмашуу жаралды. Студенттер жана ата-энелер берген суроолоруна канаттандыраарлык жооп алышты.

Иш-чарада техносфералык коопсуздук багытындагы өзгөчө кырдаалдарда коргоо адистиги боюнча жумушчу окуу пландары талкууланып, сунуш ой-пикирлер айтылды.

Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканынын м.а. Тешебаева Зулумкан, өмүр тиричилик коопсуздугу кафедрасынын башчысы профессор Камалдин Жумабаев конокторго ыразычылык билдирип, мындан ары да иштерине ийгиликтерди каалашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть