Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Чехиянын Прагадагы агротехникалык университетинин проректору, профессор Пётр Валашек конок болду.
Алгач конок университеттин ректору Бекмурза Зулуевдин кабыл алуусунда болуп, чакан маек курушту. Мында Чехиянын Прагадагы агротехникалык университетинин проректору, профессор Пётр Валашек окуу жайга келген максатын айтып, билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтык тууралуу кеп курушту. Аны улай конок университеттин жаңы имаратынын материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышып, окуу жайга саякат курду.
Андан соң «Билим берүүнү интернациялаштыруу» аталышында университеттер ортосунда алаканы арттыруу, билим берүүдө бир топ натыйжалуу иштерди биргеликте жүзөгө ашыруу максатында семинар-тренинг уюштурулду. Мында профессор Пётр Валашек студенттерге Чехиянын Прагадагы агротехникалык университети тууралуу маалымат берип, тааныштырып өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдүүлүк программасы талкууланып, анын натыйжасында эки тараптын студенттери үчүн «Жайкы лагерь» долбоору пландаштырылды. Ошондой эле окутуучулар үчүн билим берүүдөгү кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу максатында онлайн сабактарды өткөрүү иштери сүйлөшүлдү. Семинар жыйынтыкталган соң коноктор «Сулайман-Тоо» аймак таануу музейине саякаттоого сапар алышты.