17:55 24 апреля 2024

ОшТУнун делегациясы Россиядагы XIV Евразия экономикалык форумунда катышууда

Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Ж.Турсунбаев жетектеген делегация Россиянын Екатеринбург шаарында жайгашкан Урал мамлекеттик экономикалык университетинде өтүп жаткан «Россия—Евразия—Мир. Интеграция-развитие-перспектива» аттуу XIV Евразия экономикалык жаштар форумунда катышып жатышат.

Делегациянын курамында: экономика жана башкаруу факультетинин деканы, э.и.д., профессор А.К.Атабеков, жашоо-тиричилик коопсуздугу кафедрасынын башчысы, э.и.к., профессор К.Жумабаев, информатика кафедрасынын профессору, т.и.к. У.Аттокуров.

Аталган иш-чаранын жүрүүсүндө делегация курамы ректорлордун форумуна жана конференция, дискуссияларга, жолугушууларга, жаш илимпоздордун илимий эмгектеринин сынагына катышат жана эки тараптуу башка окуу жайлар менен кол коюу иш-чаралары өтөт.

Урал мамлекеттик экономикалык университети — Россиядагы алдыңкы, заманбап, туруктуу өнүгүп жаткан илимий, билим берүү борборлорунун бири жана Ош технологиялык университетинин Россиядагы тыгыз кызматташып жаткан өнөктөш окуу жайлардан болуп саналат. Учурда эки окуу жай ортосунда академиялык мобилдүүлүк, илимий-изилдөө иштеринде тыгыз кызматташуу жүрүүдө.

Форумдун алкагында Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Турсунбаев менен Казакстан Республикасындагы Костанай инженердик-экономикалык университетинин президенти М.Б.Юнусов жолугушуу өткөрдү жана эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

XIV Евразия экономикалык жаштар форуму 2024-жылдын 22-26-апрель күндөрү ишин улантат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть