17:05 29 апреля 2024

ОшТУда «Мээримдүү жүрөк» аттуу видеоролик сынагы жыйынтыкталды

Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультетинин бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасы тарабынан «Мээримдүү жүрөк» аттуу видеоролик сынагы уюштурулду.

Сынактын максаты билим берүү менен гана чектелбестен, окуучуларды гумандуулукка, ыймандуулукка, кайдыгер болбоого үйрөтүү болуп саналат.

Сынак төмөнкү багыттар боюнча кабыл алынды:

- Боорукердик адамга жылуулук тартуулайт

- Калктын аярлуу катмарына карата таза үй, таза короо

- Калктын аярлуу катмарына жакшы маанай тартуулоо

- Жашоо жакшы иштер үчүн берилген.

Сынак Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мектептеринин 9-10-11-класстарынын арасында 11-мартынан 19-апрелине чейинки аралыкта өткөрүлдү. Ага 36 мектептен 49 видеоролик келип түштү.

22-апрель күнү атайын түзүлгөн көз карандысыз коммиссия жыйынтыгынын негизинде 1-2-3-орундар аныкталды.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи 23-апрель күнү атайын түзүлгөн программанын негизинде ОшТУнун актылар залында өткөрүлүп, байгелер тапшырылды.

  • 1-орун — Ош шаарына караштуу №31 Курманжан Датка мектеп гимназиясы — ноутбук;
  • 2-орун — Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылындагы №14 А. Тангатаров атындагы интернат-гимназиясы — планшет;
  • 3-орун — Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кан-Коргон Жусуп Мамыр атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Турдумамбет кызы Акылай — телефон.

Андан сырткары, активдүү катышкан мектептерге Куршаб айылындагы №19 Толонов Амирбек атындагы орто мектебине, Кара-Суу районуна караштуу №101 К.Момбекова орто мектебине, Алай районуна караштуу №17 Кызыл-Алай орто мектеби, Алай районуна караштуу Ак-Босого айылындагы №18 А.Түкеев атындагы орто мектеби, Өзгөн районуна караштуу №53 Ботобеков атындагы орто мектебине акчалай сыйлык берилди.

Катышуучуларга ардак грамота жана сертификат ыйгарылды.

Иш-чарага ОшТУнун кесиптик бирлиги колдоо көрсөтүп, баалуу сыйлыктарын тапшырып өттү.

Аталган сынак кафедра тарабынан экинчи жолу өткөрүлүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть