17:06 29 апреля 2024

Сиань архитектуралык-технологиялык университетинин өкүлдөрү ОшТУда болду

Ош технологиялык университетине Кытай Эл Республикасынын Сиань архитектуралык-технологиялык университетинин өкүлдөрү окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде расмий иш сапар менен келди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, академиялык мобилдүүлүктү профессордук-окутуучулук курам менен бирге студенттерге дагы күчөтүү, окуу жайлар аралык илимпоздор менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча маселелер талкууланды.

Кытай Эл Республикасынан келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Делегациянын курамын ОшТУнун окуу иштери боюнча проректор, доцент У.Мамытов кабыл алып, аларга биздин окуу жай тууралуу маалымат берүү менен бирге ыраазычылык билдирди.

Иш сапардын алкагында аталган окуу жайдын студенттери биздин студенттер менен биргеликте 5 топко бөлүнүп атайын бекитилген программа боюча илимий-практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Биринчилерден болуп Сулайман-Тоонун айланасында изилдөө иштерин башташты. Мындан сырткары Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексинин реконструкциялык эскиздик долбоолорунун үстүнөн иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, ОшТУ менен Сиань архитектуралык-технологиялык университетинин ортосунда «Бир алкак — бир жол» эл аралык программасынын алкагында «Жашыл имарат» темасы боюнча биргелешкен лаборатория түзүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюлган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть