17:08 29 апреля 2024

ОшТУда ШТК таймашы болуп өттү

Ош технологиялык университетинде Ректордун биринчилиги үчүн факультеттер аралык ШТК таймашы өткөрүлдү. Аталган иш-чара Жаштар комитети тарабынан студенттердин достук мамилесин чыңдоо, мекенчилдикке тарбиялоо, жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу максатында уюштурулган.

Жалпысынан 7 команда катышып, калыстар тобунун чечими менен күчтүүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

Жыйынтыгында энергетика факультетинин «Комета» командасы «Эң мыкты команда» номинациясы менен 1-орунду алып, чемпион аталды.

Автоунаа жана тейлөөнүн технологиялары факультетинин «Космос» командасы «Эң мыкты команда» номинациясы менен 1-орунду алып, чемпион аталды. 2-орунду табигый-техникалык факультетинин «Ретро» командасы ээлесе, 3-орунду экономика жана башкаруу факультетинин «Дефицит» командасы алды. Ошондой эле, Жалилов Нурислам «Эң мыкты оюнчу» номинациясы менен, ал эми «Эң мыкты тамаша» номинациясына архитектура жана курулуш факультетинин «Фаворит» командасынын тамашалары мыкты деп табылды.

Жеңүүчүлөр окуу жайдын жетекчилиги тарабынан кубок, диплом, сертификат, акчалай сыйлыктар жана Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин ардак грамотасы, акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть