17:10 29 апреля 2024

Наманган жеңил өнөр жай институтунан келген делегация ОшТУда болду

Ош технологиялык университетине Өзбекстандын Наманган шаарындагы Наманган жеңил өнөр жай институтунан делегация келди.

Делегациянын курамын ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев кабыл алып, аларга окуу жай тууралуу маалымат берүү менен бирге иш сапарга келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, академиялык мобилдүүлүктү профессордук-окутуучулук курам менен бирге студенттерге дагы күчөтүү, окуу жайлар аралык илимпоздор менен биргелешкен илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү, достук фестивалын, спорттук жана маданий иш-чараларды биргелешип өткөрүү боюнча маселелер талкууланды. Соңунда эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть