24-апрелде М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер студенттер менен жолугушту.
Элчини КЭУнун окуу-методикалык иштер боюнча проректору Д.Турсуналиева жана окуу жайдын өнүктүрүү боюнча проректору Г.ТСупаева тосуп алышты.
КЭУнун Эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан уюштурулган иш-чарада Бангертер студенттерге «Швейцария жана Кыргызстан: жемиштүү кызматташтыктын негизги элементтери» деген темада лекция окуду. Ал өз сөзүндө эки өлкөнүн ортосундагы түрдүү тармактарда өз ара өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Сөзүнүн аягында элчи студенттердин суроолоруна жооп берди.