24-апрелде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана студенттерге татыктуу билим берүү максатында жалпы сметалык баасы 6,5 милион сом болгон жаңы жайкы спорттук аянтча колдонууга берилди.
Жайкы спорттук аянтчанын ачылышына университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, профессордук-окутуучулар жамааты, студенттер катышты. Ректор университеттин 30 жылдыгына карата илимий, маданий-массалык, спорттук иш чаралар уюштурулуп жатканын айтып, алардын катарында материалдык-техникалык базаны чыңдоо иштерине өзгөчө көңүл бурула турганын баса белгилеп, анын бири жаңыдан ачылган жайкы спорттук аянтча тууралуу сөз кылды.
Аталган спорттук аянтча атайын стандарттарга жооп бере турган спорттун волейбол, баскетбол жана улуттук ордо оюндарына ылайыкталып жасалган.