26-апрелде М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде Өзбекстандын элчиси Мирзахидов Хуршид студенттер үчүн коноек лекция окуду.
Элчини КЭУнун ардактуу ректору, башкы илимий жетекчиси Камчыбеков Төлөбек баштаган профессордук-окутуучулук курамы тосуп алды. Өз сөзүндө Т.Камчыбеков студент кезиндеги эң кызыктуу күндөрү тууралуу айтып берди.
КЭУнун эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан уюштурулган иш-чарада элчи студенттерге «Өзбекстандын тышкы саясаты. Өзбек-кыргыз мамилелери» деген темада лекция окуду.
КЭУда Кыргыз-Өзбек факультети 2021-жылда ачылган. Бул М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети менен Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинин ортосунда кош дипломдук программанынын алкагында ишке ашырылууда.
Кыргыз-Өзбек факультетинин деканы Кенжаев Рустамдын маалыматына ылайык, учурда бул программа боюнча Өзбекстандын 160тан ашуун жараны КЭУда билим алууда.