Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Багыт» окуу борборунун окуучуларга арналган «Кесибим — келечегим» аталышындагы форум уюштурулду.
Форумга Ош шаары, Алай, Баткен, Лейлек, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу райондорунан келген окуучулар, мугалимдер катышып, алгач ачык эшик күнүндө окуу жайдагы бардык адистиктер боюнча маалыматтарды алышты. Бул менен бирге университетке экскурсия жасашып, окуу жайдын ички инфраструктурасы менен таанышып чыгышты.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүнө окуу жайдын жетекчилиги, чакырылган коноктор, алыскы райондордон келген мугалимдер жана 400гө жакын окуучулар катышты. Алгач катышуучуларга окуу жайды тааныштырган видеотасма көрсөтүлүп, «Кербен» фольклордук тобу тарабынан чыгармалар аткарылды.
Саамалыкты университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, окуучуларды туура кесип тандоого үндөп, учурдун талабына жараша эң алдыңкы окуу жайларга тапшыруу үчүн тынымсыз аракет кылууга чакырып, алдыда тапшырылуучу ЖРТны мыкты тапшыруусу үчүн ийгиликтерди каалап өттү.
Андан соң форумдун спикери — Билим берүү жана илим миристрлигинде эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Нуржигит Мырзабеков «Чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары, кош дипломдуулук» темасы боюнча маалымат берди. Аны улай англис тили мугалими Барчынай Омарбек кызы «Аалам тили — англис тили» аттуу темада ой-пикирлерин натыйжалуу мисалдар менен түшүндүрүп айтып берди.
Ошондой эле китеп.kg басма үйүнүн жетекчиси, п.и.к., жазуучу, маданияттын мыкты кызматкери Куштарбек Кимсанов «Мыкты кесип ээси болуу үчүн көп китеп окуу маанилүү» аталышында ойлору менен бөлүштү. Бул менен бирге IT-Академиясынын башкы менеджери Абдулкадыр Муса уулу «Келечектин кесиби — IT» темасында маалыматтар менен бөлүштү.
Форум жалпы 4 этаптан туруп, окуучулар алгач тест тапшырышкан, аны улай «Кесибим — келечегим» темасында эссе жазып, инттелектуалдык оюнда билимдерин сынашты.
Жеңүүчүлөр форумдун жыйынтыктоо бөлүмүндө сыйланып, баш байгенин ээсине ноутбук, байгелүү орундарга Ташкент шаарына жолдомо, диплом жана баалуу белектер тапшырылды.
Саамалык окуучулардын билим деңгээлинин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү, кесип тандоого багыт берүү жана ЖРТга даярданууга көмөк көрсөтүү максатында окуу жайдын мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.