Ош технологиялык университетинин табигый-техникалык факультетинин бүтүрүүчүлөрү үчүн бүтүрүү аземи өткөрүлдү.
Университетте билим алып, өздөрү тандаган кесиптин ээси болуп, чоң турмушка сапар алган жаштарга табигый-техникалык факультетинин жалпы жамааты тарабынан аларды окуу жайдан узатуу үчүн салтанаттуу иш-чара уюштурулду.
Иш-чараны ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов ачып берип жатып, бүтүрүүчүлөргө ак жол тилеп, окуу жайыбыздын мыкты бүтүрүүчүлөрү катары өлкөнүн баардык аймактарында ОшТУнун атын бийик чыгарып, алган кесиби менен иштеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп, ак кызмат өтөй беришине тилектештигин билдирди.
Салтанатка факультетти бүтүрүп жатышкан жалпы бүтүрүүчүлөр, факультеттин жамааты жана ата-энелер катышышты.
Факультеттин деканы М. К. Алдашев тарабынан бүтүрүүчүлөргө куттуктоолор айтылып, университеттин жана факультеттин коомдук иштерине активдүү катышып, мыкты ийгиликтерди жараткан бүтүрүүчүлөргө Ардак грамоталар менен биргеликте ата-энелерге Ыраазычылык каттар тапшырылды. Ошондой эле артыкчылык менен аяктаган студенттер сыйланды.
Майрамдык салтанат шаңдуу уланып, жагымдуу музыка коштогон ырлар жаңырды. Ал эми бул иш-чаранын негизги максаты, университетти аяктап чоң турмушка сапар алган бүтүрүүчүлөрдүн коомдо өз ордуларын татыктуу табууга, өз кесибин сүйүүгө, өз элинин жана жеринин чыныгы патриоту болууга чакыруу болуп саналат.