22-майда Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде аталган окуу жайдын 30 жылдыгына карата «Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын «Келечектеги интеграция жана өнөктөштүк» аталышындагы эл аралык форуму уюштурул
Форумду университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, куттуктоо сөзүн айтты.
Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын студенттери «Менин өлкөм, менин окуу жайым” аталышындагы презентациясы аркылуу форумдун ишин улантты. Презентацияда өзү жашаган өлкөнүн, билим алып жаткан окуу жайынын артыкчылыктарын чагылдырып беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун чыгармачыл жаштары« Жылдыздуу түн» спектаклинен үзүндү көрсөтүштү.
Салтанаттуу концерттен кийин форумдун катышуучуларына 3 багыт боюнча атайын мастер-класс өткөрүлдү. Форумдун соңунда иштелип чыккан инновациялык долбоорлор презентацияланды.
Катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу менен форум өз ишин жыйынтыктады. Эл аралык жаштар форуму Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору, профессор Аида Балтабаеванын демилгеси менен тарых-филология факультетинин тарых жана философия кафедрасы тарабынан уюштурулду.