17:57 3 сентября 2024

Германиядан келген студенттер КЭУнун энергетика боюнча жайкы мектебин аякташты

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университети DAAD долбоорунун алкагында уюштурулган энергетика маселелери боюнча жайкы мектептин ишин аяктады.

2024-жылдын 12-августунда башталган жайкы мектеп 26-августта аяктады. Жайкы мектепке Германиянын ЖОЖдорунун студенттери катышты.

«Евразиянын энергетикалык келечеги» деп аталган жайкы мектеп курстарын Германиядан жана Кыргызстандан келген алдыңкы профессорлор өткөрүштү. Программа Борбордук Азиянын энергетикалык рынокторундагы учурдагы жана келечектеги тенденцияларга, энергетикалык коопсуздукка жана регионду декарбонизациялоого байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулоону камтыды.

Иш-чаранын өнөктөштөрү Билефельд прикладдык илимдер университети, Росток университети, Германия-Казакстан университети, Ландшут прикладдык илимдер университети жана 50 Hertz GmbH компаниясы болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть