Ош мамлекеттик педагогикалык университети Казан мамлекеттик агрардык университети менен кызматташтык келишимин түздү.
Ага ылайык, университеттин ректору Бекмурза Зулуев Россиянын Татарстан Республикасына караштуу Казан мамлекеттик агрардык университетинин өкүлдөрүн кабыл алды.
Жолугушууга Казан мамлекеттик агрардык университетинин ректору Валиев Айрат, Казан МАУнун Агробиотехнологиялар жана жерге жайгаштыруу институтунун директору Сергеантов Игорь, Казан МАУнун профессору Мусин Харис жана Токой чарба жана экология факультетинин профсоюздук бюросунун төрагасы Хуснутдинов Илнур катышты.
Бул жолугушууда биргелешкен билим берүү, илимий-изилдөө жана маданий иш-чараларды түзүүгө, өнүктүрүүгө жана бекемдөө боюнча өз ара кызыкчылыктын негизинде эки окуу жайдын ортосунда келишим түзүлүп, кол коюлду. Эми ОшМПУ жана Казан мамлекеттик агрардык университети билим берүү чөйрөсүндө бирге кызматташууга жаңы жол салышты.
Аталган келишимдин алкагында алдыда билим берүү тармагында студенттердин академиялык мобилдүлүк программасы, окутуучулардын квалификация жогорулатуу багытында курстарды уюштуруу жана биргелешкен билим берүү программаларын түзүү пландары ишке ашат.
Бул менен бирге илимий багытта биргелешкен изилдөө программаларын иштеп чыгуу, илимий-педагогикалык кызматкерлердин улуттук долбоорлорго катышуусу, эл аралык конференция, симпозиум, форумдарга катышуу, илимий макала, журнал, монографияларды тараптардын басылмаларында биргелешип чыгаруу пландары коюлду.
Ошондой эле маданий багытта да биргелешкен спорттук жана түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүү маселелери каралат.