Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасы 2024-жылдын 26 сентябрында «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн Советтик типтеги биринчи форматы жана анын кыргыз элинин улуттук мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө тийгизген таасири» аталышындагы студенттик конференция уюштурду.
Конференциянын максаты — XX-кылымдын башындагы мамлекеттин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон белгилүү инсандардын өмүр жолу, кыргыз элинин тарыхы, маданияты аркылуу өсүп келе жаткан муундарды патриоттуулукка тарбиялоо.
Конференцияга президенттин кеңешчиси т.и.к., кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиев, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун доценти, т.и.к. Шейшеканов Турдубек, КМДТжСАнын ректорунун м.а. п.и.к., доцент Т.Шевченко, академиянын илимий-иштер боюнча проректору, п.и.к., доцент Н.Абдыбекова, академиянын мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к., доцент Т.Ибрагимова, ошондой эле академиянын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, магистранттар, аспиранттар катышты.
Конференциянын жүрүшүндө А.Койчиев, Т.Шейшеканов XX — кылымдын 20-30 жылдарында кыргыз элинин тарыхындагы орунттуу учурларга, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүү өбөлгөлөрүнө, тарыхый маанисине токтолушту. 1938-жылдын 5-8-ноябрындагы бейкүнөө атылган кыргыз мамлектүүлүгүн түптөгөн инсандардын өмүрүнө, тагдырына баа берилди. Арслан Койчиевдин Жусуп Абдрахманов боюнча маалыматтары студенттер арасында кызыгууну туудурду. Турдубек Шейшеканов өзгөчө кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү этаптарына токтолду.
Ош мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык иштер факультетинин доценти, т.и.к., Смадияров Садык «XX-к. 20-жж. саясий кырдаал, ККАОнун түзүлүү өбөлгөлөрү» деген темада аралыктан видеобаян жасады.
Академиянын педагогика жана спорттун улуттук түрлөрү факультетинин 1-курсунун студенти Тынычбекова Нуриза Т«оолуу облус түзүү далалаты — советтик кыргыз автономиясын түзүүнүн алгачкы кадамы», сырттан окуу жана кадрларды кайра даярдоо факультетинин 3-курсунун студенти Дүйшөнкулов Нурсейит «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү жана анын тарыхый мааниси», тилдер кафедрасынын окутуучусу, аспирант Төлөбаева Асел «Компартияга айбат көрсөткөн кыргыз интеллигенциясы. Отузчулардын каты», педагогика жана спорттун улуттук түрлөрү факультетинин 2-курсунун студенти Токтогонова Анеля «Ата-Бейит. Саясий куугунтуктоонун курмандыктары», аталган факультеттин 1-курсунун студенти Асангазиева Анеля Т«өрөкул Айтматов: сталинизм өмүрүн мезгилсиз үзгөн ишмер» темаларында билдирүүлөрдү жасашты.
Андан сырткары, конференциянын темасына байланыштуу архивдик материалдар, документалдуу фильм жана видеобаяндар угузулду.
Конференция социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулду. Кафедранын башчысы т.и.к., доцент З.Т.Садырова, т.и.к., доцент Р.К.Сабиров, п.и.к., доцент Ф.Т.Баитова, ага окутуучу Байсубанова К.К. окутуучу М.А.Токтоналиева, методист Садырбек кызы Назима конференциянын уюштуруу иштерине жигердүү катышышты.
Конференциянын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынды.