2024-жылдын 14-18-октябрында Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург университетинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн «Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштуулук менен күрөшүү» деген темада тренинг өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын криминалистика жана маалыматтык технологиялар кафедрасынын окутуучусу, милициянын улук лейтенанты Сагынбек Кадырбеков катышты.
Окуу курсу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштуулук менен күрөшүү жүргүзүп келе жаткан кызматкерлеринин билими жана кызматтык квалификациясы өзгөрүп жаткан социалдык чөйрөнүн шарттарына шайкеш келишин камсыздоого багытталган.
Тренинг Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, ошондой эле укук коргоо органдарынын түрдүү тармактарында жогорку квалификациялуу жана талаптагыдай адистерди даярдоо жаатында өткөрүлдү.
Иш сапардын жүрүшүндө окутуучу Сагынбек Кадырбеков Кыргызстандан барган курсанттар менен жолугушуу өткөрдү.