Ош шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык турнирде Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун студенти Баяман Азизбек уулу 60 кг салмакта жеңүүчү болду.
Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун студенти Марлен Жунусбек уулу 2-орунду камсыздады. Ал эми Нурсаид Иминжанов, Ислам Тургунов жана Даниел Жумабаев 3-орунду алышты.
Мындан сырткары, Баяман Азизбек уулу турнирдин «Эң мыкты мушкери» наамына татыды. Машыктыруучусу Беганас Султанбаев «Эң мыкты машыктыруучу» аталды.
Студенттерди аталган мелдешке Кыргызстандын эмгек сиңирген жана ОшМУнун бокс боюнча жооптуу машыктыруучусу Турдалы Оморов менен Эмгек сиңирген машыктыруучу Беганас Султанбаев даярдаган.
Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Самарбек Бапановдун жаркын элесине арналган сегизинчи эл аралык турнир 15-19-октябрь күндөрү өттү. Ага коңшу Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Кыргызстандын бардык облустарынан, Ош жана Бишкек шаарларынан 100дөн ашуун мушкер катышты.