16:26 24 октября 2024

ОшМУда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө аялдардын орду тууралуу форум уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде 22-октябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата «Кыргыз «мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө аялдардын орду: кечээ, бүгүн, эртең» аталышындагы форум болду.

Ага президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн, Ош облусунун аялдар кеңеши, билим берүү, маданият, коомдук, саясий турмушка салым кошкон аялдар чакырылды. Мындан тышкары, «Баатыр энелер», ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Форум өлкөнүн чыгаан аялдарынын образын чагылдырган сахналык көрүнүш менен башталды. Катышуучулар улуттук кийимде келип, иш-чаранын алкагында уюштурулган этнофотосессияга да катышты. Ошондой эле кыргыз элинин көөнөрбөс мурасын чагылдырган көргөзмө уюштурулду.

Жыйындын жүрүшүндө профессор Байболот Абытов «Кара-Кыргыз автономиялуу областынын 100 жылдыгы: тарых, изилдөөлөр» темасында баяндама жасап, талкуу болду.

Форумду ОшМУ, президенттин облустагы өкүлчүлүгүнө караштуу Аялдар жана үй-бүлө кеңеши, «Лидер» ишкер айымдар ассоциациясы уюштурду. Ал аялдардын мамлекеттин түптөлүшүнө кошкон салымын, алардын кадыр-баркын, өлкөнүн жаңылануу багытындагы өнүгүү процесстерине активдүү катышуусун жаштарга жеткирүү максатында демилгеленген.

Иш-чарада жергиликтүү бийлик социалдык-экономикалык өнүгүүгө салым кошкон айымдарга Ардак грамота тапшырды. Андан сырткары, билим берүү тармагына эмгеги сиңген кадырлуу устаттар «Кылымдын залкары», «Калктын кадырман инсаны», «Эл кадырлаган инсан», «Калктын кадырлуу инсаны», «Мекен сыймыгы», «Улукман» төш белгилери менен сыйланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть