16:45 24 октября 2024

ОшМПУда эмгек сиңирген мугалим Сыдык Алайчиевдин 130 жылдыгына карата эл аралык конференция өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими Сыдык Алайчиевдин 130 жылдыгына карата эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Саамалыкка келген конокторду университеттин ректору Бекмурза Зулуев тосуп алып, катышуучулар үчүн окуу жайдын жаңы имаратына кыскача экскурсия уюштурулду. Мында Сыдык Алайчиевдин ырларынан обон созулуп, сахналык көрүнүштөр аткарылып, жасалма интеллекттин жардамы менен слайддар көрсөтүлүп, сүрөт көргөзмөлөр коюлду.

Андан соң иш-чаранын расмий бөлүгү чоң жыйындар залында өтүп, ага Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу расмий өкүлү Канат Мамбеталиев, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Бекмурза Эргешов, Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору профессор Салават Сагитов, ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев, Казакстандын Ош шаарындагы башкы консулу Мухтар Карибай, КР атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси, Сыдык Алайчиевдин небереси Данияр Сыдыков, окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров, окутуучулар жана студенттер катышты.

Конференция «Агартуучулук — билим берүүнүн өзөгү» аталышында өтүп, катышуучулар Алайчиевдин өмүр жолун чагылдырган тасмага күбө болушту. Андан соң коноктор тарабынан Сыдык акындын эмгегин даңазалаган куттуктоо сөздөрү айтылды. Бул менен бирге пленардык жыйында КРнын эмгек сиңирген мугалими, т.и.д., профессор Балтагул Нурумбетов, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти Чынара Салиева, ОшМПУнун улук окутуучусу Калипа Жаанбаева баяндама жасашты.

Сыдык Алайчы уулу (Бала ырчы) 1894-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кыргыз-Чек кыштагында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 16 жашында эле элге чыгып ырдап, өзүнүн жетимдик күндөрүн ырга салган. Өзүнүн терең жана мазмундуу ырлары менен жалпыга таанылып, чакан келбетине карап, «Бала ырчы» атка конгон. Акын таланттуу ырчылык өнөр менен бирге эле айылдык чыгаан агартуучу катары 26 жыл педагогдук кызматты да аркалаган. Ал «Кыргыз ССРинин мектептерине эмгек сиңирген мугалим», «Ардак белгиси» мамлекеттик ордени, «Эл агартуунун отличниги» наамдары менен сыйланган. Сыдык Алайчы уулунун ысымы туулган жериндеги чоң көчөгө жана айылындагы №87 инновациялык мектеп-гимназия комплексине ыйгарылган. Төкмө акын бул жарыкчылыкта 91 жыл өмүр сүргөн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть