14:04 4 ноября 2024

ОшМУнун ректору Азия-Тынч океан аймагындагы жогорку билим боюнча 2024 QS пре-саммитинде баяндама жасады

Казакстандын Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинде 1-ноябрда Азия-Тынч океан аймагындагы жогорку билим боюнча 2024 QS пре-саммити башталды.

Ага катышып жаткан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков «Мамлекеттик органдардын, академиялык жана бизнес-коомчулуктардын интеграциясы аймактын туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү үчүн инновациялык ыкма катары: ОшМУнун тажрыйбасы» деген темада баяндама жасады. Баяндамада классикалык университеттерди улуттук изилдөөчү окуу жайларга жана төртүнчү муундагы университеттерге трансформациялоо багытында ОшМУдагы жасалып жаткан иштер, тажрыйбалар камтылган.

Аталган саммит ушул жылдын 5-7-ноябрында Кытайдын Макао шаарында, 8-ноябрда Гонконгдогу Лингнан унивеситетинде өтөт.

ОшМУ 2024-жылы дүйнөдөгү алдыңкы QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде «төрт жылдыздуу университеттердин» катарына кирген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть