17:52 7 ноября 2024

ОшМУ Донгук университети менен меморандумга кол койду

Кореянын Сеул шаарындагы Донгук (Dongguk) университетинин 8000 койкалуу медициналык борборунун өкүлдөрү Ким Жо Сонг, Ким Хён Мин жана Ким Гап Ёң иш сапары менен 5-ноябрда ОшМУга келди. Аларды ректор Кудайберди Кожобеков кабыл алды.

Жолугушууда медициналык билим берүүнү өнүктүрүү, клиникалардын кызмат көрсөтүү деңгээлин жакшыртуу, тажрыйба алмашуу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багыттарында кызматташуу боюнча сүйлөшүү жүрдү. Аталган медициналык борбордун башкы дарыгери Ким Жо Сонг ОшМУнун клиникаларын жаңы заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздоодо кызматташарын билдирди. Ошондой эле эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Делегация ОшМУнун жаңы курулуп жаткан клиникасы, медициналык кампусу, лабораториялары менен таанышып чыкты. Андан сырткары студенттер менен жолугушуп, конок лекцияларды окушту.

Иш сапардын соңунда коноктор ETHISYNC компаниясы тарабынан даярдалган медициналык жабдыктын мүмкүнчүлүктөрүн презентациялап беришти. Айтымдарында, NEAREST аппаратынын жардамында адамдын көзүнүн склерасына карап туруп эле ички органдардын оорусун билип алууга болот. Бул жабдык жарандар ооруканага барбай туруп иштеген жеринде эле баштапкы диагнозун билип алууга шарт түзөт. Ал алты айдан бери практикадан өтүп жатат. Делегация ага лицензия да алынганын белгиледи. Алар жасалма интеллекттин жардамында алыскы аймактарда жашаган калктын саламаттыгына кам көрүү башкы максаты экендигин кошумчалады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть