17:51 7 ноября 2024

ОшМУ менен Тюмень медициналык университетинин ортосунда кызматташуулар бекемделет

Бул тууралуу Тюмендеги конференцияга Ош мамлекеттик университетинен барган делегациянын иш сапарында белгилүү болду.

Окуу жайдын Медицина факультетинин акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы Зейнепкан Исраилова, Табигый илимдер кафедрасынын башчысы Гулнара Омурзакова, Ички оорулардын пропедевтикасы кафедрасынын башчысы Элиза Бекешова, Окуу методикалык кенештин төрайымы Айнура Турсунбаева, ага окутуучу Динара Жообасарова, окутуучу Бегимай Кадырали кызы 31-октябрдан 2-ноябрга чейин Тюмень шаарында III бүткүл орусиялык эл аралык илимий-практикалык конференция катышты.

Анда баяндамалар жасалып, окутуу усулдарындагы заманбап моделдер боюнча мастер-класстар көрсөтүлдү. Андан сырткары медициналык билим берүүдө жасалма интеллекти пайдалануу жана 2030-жылга заманбап бүтүрүүлөрдү даярдоо талкууланды.

Иш сапардын алкагында Тюмень мамлекеттик медициналык университети менен ОшМУнун ортосунда келишимди жаңылоо жана окуу пландарынын жумушчу программаларын макулдашуу сөз болду. Ошондой эле эки окуу жайдын кош дипломдуу билим берүү программасында билим алып жаткан студенттердин академиялык мобилдүүлүгү макулдашылган. Келишимге ылайык бул программа менен окуп жаткандар жазгы семестрде бир ай Тюмень мамлекеттик медициналык университетинен билим алып келишет.

Делегация иш сапардын алкагында Тюмендеги медициналык университте уюштурулган Дивалы майрамына да күбө болду.

Эки университеттин ортосунда кош дипломдуу билим берүү боюнча келишимге 2022-жылы кол коюлган. Учурда биринчи, экинчи курста жалпы 15 студент билим алууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть