17:55 7 ноября 2024

Ректор спортчуларды кабыл алды

ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев ийгилик жаратып келе жаткан окуу жайдын студенттерин жана машыктыруучусун кабыл алды.

Жолугушууда ректор студенттердин спорттогу жетишкендиктери менен куттуктап, аларга чың ден соолук жана спорттук карьерасында ийгиликтерди каалады. Мындан сырткары, сыймыктуу жаштарга университет тарабынан колдоо көргөзүлөрүн билдирди.

ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин студенти Кадиров Аббос Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн кикбоксинг боюнча «Дүйнө кубогу-2024» эл аралык турнирде коло медалдын ээси. Кыргызстандын жаштар арасында өткөн Кикбоксинг боюнча мелдеште 2023-2024-жж. чемпион. Орто Азиянын жаштар арасында чемпиону.

ОшТУнун индустриалдык-педагогикалык институтунун студенти Джолдошова Алтынай Кыргызстандагы 2022-жылдагы кол күрөш боюнча кыздар арасындагы чемпиону. 2022-жылы Самарканд шаарында өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медальдын ээси. 2022-жылы Анталия шаарында өткөн кол күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медалдын ээси. Кыргызстандын бир канча жолку чемпиону.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть