16-декабрда президент Садыр Жапаров 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн жогорку окуу жайлардын 90 студентине президенттик стипендия тапшырды.
Мыктылардын катарында ИИМнин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясынын курсанттары Адэля Турганбекова, Бектур Эркинов, Кундуз Нурбекова, Мээрим Байгазиева, Аяна Насипбекова, Жазмин Аликова бар.
Стипендия алууга ИИМдин Академиясынын 10 курсантынын жана 4 студентинин жетишкендиктери боюнча документтер жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 6 курсант президенттин стипендиясын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Курсанттар президенттин колунан мактоо баракчаларын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, президенттик стипендия бул жөн эле сыйлык эмес. Бул — тигил же бул тармактын кесипкөй адиси болууга жан үрөп, алдына бийик максаттарды койгон студенттердин эмгегин баалоонун, дараметин колдоонун, талантын ачууга шык-дем берүүнүн белгиси. «Биз силердин билимиңерди баалоо менен өлкөбүздүн келечегине инвестиция кылып жатабыз деп эсептейбиз. Мамлекет өз өлкөсүнө берилген, өз тарыхын аздектеген жана элибиздин руханий баалуулуктарын сактаган жаштарды ар дайым колдойт. Мен билимге болгон каалоосу күч, өз көз карашы бар, дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө умтулган, ар-намыстуу, мекенчил жаштардан көптү күтөм», - деди мамлекет башчысы.