14:10 23 января 2025

УКМК кызматкерлери КМТУда жыйын өткөрүштү

23-январда И. Раззакова атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окуу жайдын жетекчилиги, түзүмдүк бөлүмдөрү жана УКМКнын кызматкерлери катышкан коррупцияга каршы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чарасы өттү.

Бул иш-чара Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен уюштурулду.

Иш-чарага университеттин окутуучулары, кызматкерлери, студенттери, институттардын жана колледждердин директорлору, филиалдардын жетекчилери, ошондой эле УКМКнын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы коррупцияга каршы чаралар тууралуу түшүндүрүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө ректор М.Чыныбаев университетте коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштер, санариптештирүү жана студенттер менен администрациянын ортосундагы өз ара иштешүү тууралуу маалымат берди.

Ал ошондой эле Студенттерди тейлөө борборлорун киргизүү, маалыматтык системаны өнүктүрүү, ички аудитти ишке киргизүү жана университеттин иш процесстеринин айкындуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чараларды белгиледи. Университеттин студенттик коомчулугу менен жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын маани-берүүсүн дагы айтып өттү.

Иш-чаранын соңунда УКМКнын кызматкерлери коррупцияга каршы күрөшүүдө ар бир жаран өз жоопкерчилигин сезиши керектигин баса белгилешти.

Мындай иш-чаралар университеттин башка кампустарында да өткөрүлүп, билим берүү чөйрөсүндө адилеттүүлүктү жана ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть