17:08 10 апреля 2025

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде уңгу жолго арналган иш-чара өттү

10-апрелде К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде президент Садыр Жапаровдун «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик»  жарлыгынын алкагында профессордук-окутуучулар курамынын жана студенттердин катышуусунда иш-чара болуп өттү.

Ага Президенттик администрациянын жооптуу кызматкери Айнура Исманкулова, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын «Мурас» фондунун төрагасы, профессор Кыяс Молдокасымов, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профессору Дөөлөтбек Сапаралиев чакырылган.

Иш-чараны БМУнун ректору Мирлан Дылдаев ачып, уңгу жол жөнүндө маалымат берди. Уңгу жол — көп тармактуу жана терең маани камтыган концепция экенин белгиледи. Жаңы Кыргызстанды куруу — бул бир гана экономикалык өнүгүү эмес, бул ар бир жаран, улутуна, жынысына карабастан, мекенге болгон сүйүү, берилгендик менен кызмат кылуу, керемет, кооз жаратылышты жана улуттук баалуулуктарды аяр сактоону өзүнө милдет катары кабыл алышы керек деген түшүнүктү жарата тургандыгына токтолду. Ошондой эле мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн ар тараптуу жана багыттуу өнүгүүгө умтулуу, жаштарды патриоттук сезимдерин чыңдоо — бүгүнкү күндүн башкы талабына айланып жатканын айтты.

Андан кийин сөз алган С.Кайыпов уңгу жолду иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн атайын комиссия талаш-тартыштар менен улам толукталып, жаңыртылып, кыскартылып отуруп, жалаң маңызы алынып, мааниси жеткиликтүү болгондон кийин сунушталганын айтып берди. «Уңгу жолдун түпкү максатына жетүүдө улут өзүнө гана таандык, уникалдуу жеке жолун аныктоо менен ааламдашуу доорунда жаңы технологияларды өздөштүрүү үчүн илим-билимдин алдыңкы жетишкендиктерине таянуусу зарыл. Эгер жаштар келечекке максатсыз, кайдыгер карашса, ал жерде эч качан өнүгүү болбойт. Ошол жаш адам өзү да өсүп-өнүгө албайт. Алдыга таштаган кадамдарды ишенимдүү болбогондон кийин кантип келечеги жакшы болсун, ошондуктан элде бекем ишеним болгондо гана алга умтулуу болот», - деди ал.

К.С. Молдокасымов бул улуттук идеологияга ким кандай салым кошот, аны ишке ашыруу үчүн кандай аракеттерди жасайт, идея кагаз жүзүндө калып кетпеши үчүн анын өзгөчө кудуретке ээ улуттук изги жана ыйык касиеттерине терең берилүү менен мамиле жасообуз керек экендигин баса белгиледи.

Д.Сапаралиев да жарандык мекенчилдикти күчтөндүрүү менен улуттук демге дымак берген, демилгелерге, жаңы ачылыштарга жол берген жаштарды тарбиялоо БМУнун башкы максаты экендигин айтты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть