11-июнда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Сапат, практика жана карьера бөлүмү тарабынан «21-кылымдын бүтүрүүчүсү. Өнөктөштүк мамилелердин учуру жана келечеги» аттуу кереге-кеңеш өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты заманбап эмгек рыногунун талаптарына жооп берген кадрларды даярдоодо жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууда БМУ менен иш берүүчүлөр ортосундагы конструктивдүү кызматташуунун формаларын аныктоо болду.
Ошондой эле иш берүүчүлөрдү негизги билим берүү программасын түзүү жана ишке ашырууга активдүү тартуу, жумуш ордунда окутуу аркылуу келишимдик негизде кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.
Кереге-кеңешке катышкандар:
- БМУнун ректору, профессор Дылдаев Мирлан Муктарович;
- Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку жана кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Абылкасымов Төөлөсбай;
- Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү: Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаардык мэриясы жана райондук администрациялар;
- Окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, бүтүрүүчүлөр жана ММК өкүлдөрү.
Иш-чаранын жүрүшүндө атаандаштыкка жөндөмдүү жаш адистин моделин түзүү, бүтүрүүчүлөрдү жумуш орундарында адаптациялоо үчүн колдоо системасын иштеп чыгуу маселелери каралды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик жана жеке сапаттарына болгон талаптар, жумушка орношуу пайызын жогорулатуу жолдору, билим берүү программаларын өнүктүрүүдө жана кесипке багыт берүүдө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Кереге-кеңештин соңунда бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусун жогорулатууга жана социалдык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган резолюция кабыл алынды.