14:30 20 июня 2025

БМУда улуттук идеяны чагылдырган китеп жарык көрдү

2025-жылдын 19-июнунда академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндө жарлыкты ишке ашыруунун алкагында Бишкек мамлекеттик университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан «Уңгу жол – заман талабы» аталышындагы китептин бет ачар аземи болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары – стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору Октябрь Капалбаев, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев, филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов, Президенттин администрациясына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фондунун төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяс Молдокасымов жана окуу жайдын окутуучулук-профессордук курамы, студенттер катышты.

Авторлорлор тарабынан 4 багыттагы — тематика мамлекеттик тил, тарых, кыргыз философиясы жана этнопедагогикасы, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо экология маселелери камтылуу менен иштелип чыккан.

Марат Иманкулов өз сөзүндө ааламдашуу жана дүйнөлүк интеграция шартында элге таандык мыкты каада-салттарды, тилди, маданиятты сактап калуу маанилүү экендигин айтып, бүгүнкү күндө уникалдуу соцмаданий мейкиндикте салттуу маданиятты таанып, өнүктүрүү менен коомго терең жайылтып, улуттук баалуулуктары дүйнөлүк мейкиндикте түгөнгүс мурас экендигин кийинки муундун аң-сезимине жеткирип, аларга татыктуу өткөрүп берүү милдет экендигине токтолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть