И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Илим күнүнө карата «Заманбап чакырыктар жана илимий изденүүлөр» аталышында илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — заманбап коомдун өнүгүү багыттарына ылайык илимий изилдөөлөрдүн интеграциясын талкуулоо жана КМУнун окумуштууларынын илимий долбоорлорун жайылтуу.
Конференцияга КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боенов, проректорлор, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө окумуштууларга жана окутуучуларга төш белгилер, ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Конференциянын алкагында КМУнун 2025-жылга карата иштелип чыккан бир катар илимий долбоорлор сунушталып, алардын арасында «Кыргыз тилин оюн аркылуу үйрөтүү», «Манас эпосу аркылуу интерактивдүү билим берүү», «Физика боюнча санариптик виртуалдык лабораториялар», «Кыргыз жомокторун англис жана кытай тилдерине анимация аркылуу жайылтуу», «Виртуалдык 3D туру — И.Арабаев атындагы КМУ» сыяктуу демилгелер бар.
Конференциянын соңунда катышуучулар илимдин өнүгүшүнө жана жогорку билим берүү системасындагы инновациялык тенденцияларга арналган баяндамалар менен таанышып, жыйынтыктоо бөлүгүндө университеттин илимий ийгиликтерин белгилешти.


