17:21 1 декабря 2025

БМУда профессор Тилектеш Ишемкуловдун 85 жылдыгы белгиленди

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети «Профессор Т.И.Ишемкуловдун мамлекеттик, коомдук-саясий, дипломатиялык, педагогикалык жана чыгармачылык ишмердүүлүгү» деген темадагы Эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрдү.

Иш-чара профессордун 85 жылдык мааракесине, ошондой эле Маалымат жана басма сөз күнүнө арналды.

Конференциянын алкагында профессордун жаңы «Өтүп кеткен мезгилдердин жаңырыгы» аттуу китебинин бет ачары да болуп өттү.

Конференциянын уюштуруучулары:

– К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети

– М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети

– П.Лумумба атындагы Россиянын Эларалык достук университети

– Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети

– Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстандын Улуттук университети

Конференциянын максаты — профессор Тилектеш Ишемкуловдун мамлекеттик, коомдук-саясий, дипломатиялык, педагогикалык жана чыгармачылык тармактардагы көп кырдуу эмгегин ар тараптуу иликтөө, илимий идеялар жана тажрыйбалар менен алмашуу үчүн ачык аянтча түзүү. Иш-чаранын жүрүшүндө заманбап илим, билим берүү, дипломатия жана журналистиканын актуалдуу маселелери талкууланып, профессордун илимий жана практикалык мурасынын бүгүнкү коом үчүн мааниси аныкталды.

Бул иш-чарага ар кандай өлкөлөрдөн келген окумуштуулар, окутуучулар, изилдөөчүлөр, журналисттер жана коомдук ишмерлер катышып, кесиптик диалог жана эл аралык кызматташуу үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть