16:52 3 марта 2026

БМУда «Мелис Эшимкановдун Кыргыз Республикасындагы медианын өнүгүшүндөгү ролу жана орду» аттуу конференция өткөрүлдү

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана маалыматтык тутумдар факультети тарабынан 27-февралда окумуштуу, профессор, академик Кусейин Карасаевдин 125 жылдыгына арналган «Мелис Эшимкановдун Кыргыз Республикасындагы медианын өнүгүшүндөгү ролу жана орду» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференцияга Казакстан жана Өзбекстандан окумуштуулар онлайн форматта катышты. Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин профессору Г.Султанбаева жана Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинин профессору Я.Маматова конференциянын ишине ийгилик каалап, эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгы мындан ары да бекемделе берерине ишеним билдиришти.

Иш-чарага Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, «Ала-Тоо» эл аралык университети, Ош мамлекеттик университети жана К.Карасаев атындагы БМУнун студенттери катышты.

Конференция Мелис Эшимканов тууралуу документалдуу фильмдин көрсөтүлүшү менен башталды. Андан соң БМУнун окуу боюнча биринчи проректору К.Токтобаев куттуктоо сөз сүйлөп, БМУнун ардактуу профессору Т.Ишемкулов Кусейин Карасаев тууралуу баяндама жасады.

Журналистика жана маалыматтык тутумдар факультетинин деканы А.Асанова сөз сүйлөп, мамлекеттик ишмер, КР эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы онлайн куттуктады.

Мындан тышкары, КР эмгек сиңирген маданият ишмери, Журналисттер союзунун мурунку төрагасы А.Султанбаев баяндама жасап, КР Журналисттер союзунун алдындагы Этика боюнча кеңештин төрагасы М.Тыналиев өз пикирин билдирди. Жазуучу-журналист Б.Орунбеков, журналист А.Сакыбаева, ошондой эле «Кут Билим» медиа-борборунун өкүлдөрү дв катышты.

Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун негиздөөчүсү А.Эшимканова чыгармачылык сынактын жыйынтыгын чыгарды.

Конференциянын алкагында уюштурулган чыгармачылык сынакта жеңүүчүлөр аныкталды:

1-даражадагы дипломдор:

  • Видео боюнча – Мелисбек уулу Тимурлан (К.Карасаев атындагы БМУ)
  • Эссе боюнча – Исакунова Адинай (И.Арабаев атындагы КМУ)
  • Ыр боюнча – Беккожоева Алия (К.Карасаев атындагы БМУ)

2-даражадагы дипломдор:

  • Эссе боюнча – Жеңишбекова Алия («Манас» университети)
  • Ыр боюнча – Талипбек уулу Тимурлан (К.Карасаев атындагы БМУ)
  • Ыр боюнча – Кеңешбек кызы Уммугүлсүн (К.Карасаев атындагы БМУ)

3-даражадагы диплом:

  • Эссе боюнча – Самарбекова Эркинай (Ж.Баласагын атындагы КУУ).

Жалпысынан сынакка 50дөн ашык материал келип түшүп, активдүү катышуучуларга ыраазычылык каттар тапшырылды.

Сынакка журналистиканын актуалдуу маселелерин камтыган видеоматериалдар, эсселер жана поэзиялык чыгармалар сунушталып, теманын мазмунун терең ачып берүү, аналитикалык ой жүгүртүү жана көркөм окуу чеберчилиги жогору бааланды.

Конференция медиа тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого, илимий пикир алмашууга жана жаш журналисттерди колдоого багытталган маанилүү аянтча болуп, катышуучулар үчүн тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк түздү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть