16:32 17 мая 2017

Кыргыз-Өзбек университетинде кароо-сынактарда, спорттук мелдештерде ийгиликтерге жетишкен студенттерди сыйлоо аземи өттү

2017 жаңы окуу жылынын башталышынан бери да Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери республикалык, облустук, шаардык , ЖОЖдор арасында өткөрүлгөн кароо-сынактарда, спорттук мелдештерде бир топ ийгиликтерди жаратышты.

Атай кетсек ЖОЖдор арасында өткөрүлгөн студенттердин IV аймактык предметтик олимпиадасында жалпы командалык II орунду, «Педагогикалык дебют» сынагынын баш байгесин, колледждер арасындагы КВН оюнунан I орунду,спорттук универсиадада бир топ алдынкы орундарды багындырышкан.

16 май күнү окуу жайдын ушул багытта наамдарды алган жеңүүчүлөрүбүзгө арналган «Сыйлоо аземи» болуп өттү. Иш чаранын официалдуу бөлүгүндө университеттин ректору, профессор Чаткалбай Кенейбаевич жалпы жамааттын,студенттердин алдында жеңиш ээлерине ыраазычылык билдирип, акчалай сыйлык тапшырды.

Өз сөзүндө ректор "Сиздердин багындырган ийгиликтериңиздердин артында бир канча эмгек, сарпталган мээнет, энергия турат.Бүгүнкү биз уюштурган азем студенттик эң сыймыктуу көз ирмемдердин катарынан орун алсын жана биздин моралдык, матриалдык кошкон салымыбыз алдыдагы сынактарда мындан да бийиктиктерди багындыруга стимул болсун", - деген кайрылуусун кошумчалады.

Иш чаранын экинчи бөлүгү сыйлык ээлерине арналган концерттик программа менен уланды.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз-Өзбек университетинин жетекчилиги тарабынан мындай иш чара жыл сайын эки ирээт өткөрүлүп, окуунун жана коомдук иш чаралардын активдүү катышуучуларына акчалай сыйлыктар ыйгарылып келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть